Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен айыпталууда

Камчыбек Ташиев. Архив.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер») жана 337-берене («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айыпталып жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Ташиевге өлкөдөн чыкпоо тил каты түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Айткулов мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жөнүндө маалыматы жок экенин айтты.

29-апрелде Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу ИИМде сурак берип жатканы кабарланган. Мурунку күнү дагы алардын сурак берип чыкканы маалым болгон.

29-апрелде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө карата кылмыш иши козголгонун ырастаган. Анын кайрылуусун жакын санаалаштарынын бири, “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

“Бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «кемпирабадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл-аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм”, - деп жазылган Камчыбек Ташиевдин кайрылуусунда.

Айрым сайттар айыптоолорду 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштырып жатышат. Камчыбек Ташиев бирок кайсыл ишке байланыштуу иш ачылганын тактаган жок. Нурланбек Тургунбек уулу менен Курманкул Зулушев комментарий бере элек.

Тургунбек уулунун иниси Жыргалбек Шакиев ал суракка чакырылып жүргөнүн "Азаттыкка" бышыктаган.

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде Kaktus.media порталына маек куруп, “75чилердин катына” Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктай турганын билдирген.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (TSh)