Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Ташиевге эки оор берене менен айып тагылды

Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж.
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж.

мазмуну

  • УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде түнкү 11ден өткөндө ИИМдеги сурактан чыкты. Ага олуттуу эки айып тагылганын адвокаты Икрамидин Айткулов ырастап, Ташиев эч жакка кетпөө тууралуу тил катка кол койгонун билдирди.
  • Ташиевдин адвокаты Зулушев менен Тургунбек уулунун иши тууралуу маалыматы жоктугун айтты. Тургунбек уулунун иниси агасы суракка барып атканын бышыктады. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз.
  • Соцтармактарда аларга бийликти басып алууга аракеттенген деген айыбы угузулганы тууралуу кабар тарады.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевге "бийликти басып алуу аракети жана кызматынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки айып тагылды. Муну президенттик шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштыргандар бар. ИИМ расмий маалымат тарата элек.

"Толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар"

Камчыбек Ташиев Кылмыш жаза кодексинин 326-берене («Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер») жана 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айыпталып жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Ал Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулунун иши тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалады.

29-апрелде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө карата кылмыш иши козголгонун ырастаган билдирүү тараткан. Анын кайрылуусун жакын санаалаштарынын бири, “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

“Бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «кемпирабадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл-аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм”, - деп жазылган Камчыбек Ташиевдин кайрылуусунда.

Бул Ташиевдин соңку саясий окуялар жана жакындарына байланышкан иштер тууралуу биринчи ирет берген комментарийи.

Тургунбек уулу сурак берди, Зулушев тарап маалымат бере элек

Бир күн мурун Ташиев менен кошо парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана парламенттин экс-депутаты Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинде бир нече саат сурак берип чыкканы кабарланган.

Тургунбек уулу Ички иштер министрлигине сурак берип жатканын “Азаттыкка” анын бир тууган иниси Жыргалбек Шакиев тастыктады. Бирок кайсы иш боюнча чакырылганынан кабарсыз экенин айтты:

- Тергөөгө барып жаткан. Ошо...

- Акыркы жолу качан байланыштыңыз?

- Кечээ.

- Айып коюлганы жөнүндө унчуккан жокпу? Кечээ алар сурак бергени чынбы?

- Барып аткан. Билбейм.

- Айып коюлуп-коюлбаганын билбейсизби?

- Жок. Жок.

Курманкул Зулушевдин жакындары комментарий берүүдөн баш тартты.

ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

Бийликти күч менен басып алуу айыбы

Үч саясатчынын суракка чакырылганы 28-апрелдин кечинде адвокат Шердор Абдыкапаровдун соцтармактардагы билдирүүсүнөн кийин белгилүү болгон. Адвокат Фейсбук жана Инстаграмдагы баракчаларына видео жарыялап, аларга “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыбы угузулганын айткан.

Адвокат кийинчерээк бул видеону баракчасынан өчүрүп койгон.

Коомдо сурактын чоо-жайын президенттик шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштыргандар бар.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев бийлик Ташиев жана анын айланасындагы саясатчыларга байланыштуу кандай чечим кабыл алуунун жол-жобосун издеп жатат деп боолгоду:

Эмилбек Жороев
Эмилбек Жороев

“Бийлик жана укук коргоо органдары бул жагдай боюнча изилдөө жүргүзүп жаткандай. Маселени саясий тобокелдиктерди эске алып, укуктук жакты карап, коомдук талапты таразалап, эки жакка тең, өзгөчө бийликтин азыркы абалына кедерги тийбей тургандай кылып чечүү аракети болуп тургандай. Менимче, изденүү жараяны жүрүп жатат. Анын негизинде камаш керекпи-жокпу, кандай айып коюлат же коюлбайт, териштирүү канчага созулат дегендер каралат деп ойлойм”.

Соцтармактарда үч саясатчыга байланыштуу талкуу алар кызматтан алынгандан бери эле жүрүп келатат.

Акыркы жолу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын маеги кызуу талкууга жем таштап, коомчулуктун бүйүрүн ого бетер кызыткан. Сурабалдиева 24-апрелде казакстандык “Убакыт көрсөтөт” YouTube каналындагы маегинде Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу айтып, Камчыбек Ташиевдин отставкасын мамлекеттик төңкөрүш аракети менен байланыштырган.

Аны улай эле 27-апрелде президент Садыр Жапаров Kaktus.media порталына маек куруп, “75чилердин катына” Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктай турганын билдирген:

“Анын тиешеси бар же жок экенин тергөө жана сот аныктайт. Ушул тапта тергөө уланууда. Тергөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт. Акыркы чечимди - ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес, сот чечим кабыл алат”.

Садыр Жапаров буга чейин март айындагы маектеринин биринде “досу ал катка байланышы жок экенин айтканын” билдирген.

9-февралда саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президентке жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, кайрылууга кол койгон беш адам кармалган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар арасында “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон 10 депутат мандатын тапшырган.Алардын ичинен Камчыбек Ташиевдин иниси, Шаирбек Ташиев, Кундузбек Сулайманов жана Куванычбек Конгантиев кармалды.

Кызматтан алынганын Германияда дарыланып жүрүп укканын айткан Ташиев президенттин мындай чечими күтүүсүз болгонун билдирген. Ал бир гана жолу комментарий берип, өзүнө каралоо жүрүп жатканын айткан. Андан башка үн ката элек болчу.

2020-жылдан бери расмий документ менен бекитилбесе да кыргыз бийлигинде тандем саналган жана "эки дос" атка конгон Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы пикир келишпестик ошентип "75 кишинин каты" деген кайрылуудан соң ачыкка чыккан.

10-февралдан кийин Ташиев жетектеген УКМКнын айрым кызматкерлеринин мыйзам бузуулары боюнча даттануулар көбөйүп, аны Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер") өзгөчө оор кылмыш болуп саналат.

Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG