Орусиянын президенти Владимир Путин 29-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва 9-май Жеңиш күнүнө карата Украинада атышууну токтото турууга даяр экенин билдирди.
Орусиянын демилгеси менен өткөн сүйлөшүү бир жарым сааттан ашык убакыт уланды. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, баарлашуу "достук маанайда, ачык жана иштиктүү" өттү.
Трамп да сүйлөшүүнү "жакшы маектешүү" деп атап, Путинге Украинадагы согушта "бир аз тыныгууну" сунуш кылганын айтты. "Аны жасай алат деп ойлойм", - деп кошумчалады Трамп жана сүйлөшүү биринчи кезекте украин маселесине багытталганын кошумчалады.
Ал эми орус тарап Жеңиш майрамына карата согушта тыныгуу жарыялоону Москва сунуш кылганын айтууда.
Эки президент Иран маселесин да талкуулашканы маалым болду. Ушаковдун айтымында, Путин Трамптын Ирандагы атышууну токтотуу режимин узартуу чечимин туура деп, ал эми бул өлкөгө жөө аскерлерди киргизүү операциясын кооптуу деп эсептей турганын билдирди. АКШ президенти Путин ага Ирандын байытылган ураны маселесин чечүүнүн кандайдыр бир вариантын сунуштаганын, бирок анын өзүнө биринчи кезекте Украинадагы согушту токтотууга көңүл бурууну кеңеш кылганын белгиледи.
Путин менен Трамп буга чейин телефон аркылуу былтыр 28-декабрда сүйлөшкөн.
Орусия менен Украина 11-апрелде да Пасха майрамына карата атышпай турууга макул болгонун жарыялашкан, бирок эки тарап тең бири-бирин "мунасаны бузду" деп айыпташкан. (RK)