Израилдин Аскер-деңиз күчтөрү Газа секторуна гуманитардык жардам менен бара жаткан Global Sumud Flotilla тобунун бир нече кемесин кармады. Бул тууралуу 30-апрелде аталган топ X социалдык тармагында билдирди.
"Израилдин куралдуу күчтөрү Газага карата деңиз блокадасын жүргүзүп жатат. Катерлер менен байланыш үзүлдү, SOS сигналы жөнөтүлдү", - деп билдирди уюм.
26-апрелде ондогон кеме активисттер менен Сицилиянын портторунун биринен Газа секторуна багыт алган. Уюмдун айтымында, бул анклавга жетүүгө аракет кылган эң ири флотилия эле.
Израил тарап кемелерди кармоо расмий жана пландалган операция экенин, алар деңиз блокадасын бузганын жана согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка бараткандыктан коопсуздугуна коркунуч жаралганын билдирди жана активисттердин демилгесин гуманитардык миссия эмес, чагым деп атады.
Израил 2023-жылдын октябрында Газа тараптан ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кандуу кол салуусуна кабылганын жарыялап, ага каршы согуш баштаган. 2025-жылдын октябрь айында Израил жана ХАМАС АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан тынчтык планынын алкагында атышууну токтотууга макул болушкан. АКШ, Түркия, Катар жана Египет Израил менен ХАМАСтын ортосундагы келишимдин кепилдиги катары чыгышкан. Быйыл январдын ортосунда Ак үй Трамптын Газа тилкеси боюнча пландын экинчи этабы башталганын жарыялаган. (RK)