Агартуу министрлиги мектеп окуучуларынын формасын өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек.

Агартуу министрлигинде мектеп окуучуларынын формасы боюнча түзүлгөн жумушчу топ өкмөттүн 2015-жылдагы токтомун өзгөртүүсүз калтырды. Мекеме мындай чечим мугалимдер, ата-энелер, окуучулар жана адистердин пикирин эске алуу менен кабыл алынганын билдирди.

Министрликтин маалыматында көпчүлүк учурларда ата-энелер балдарына үстү ачык түстө, асты кочкул түстө болгон талапка ылайык мектеп формасын тандашат.

Агартуу министрлиги бул кеңири таралган форма экенин жана ал талапка жооп берерин кошумчалады. (окуучулардын формасы боюнча талаптар)

Бирдиктүү форма, мекеме белгилегендей, балдардын ортосундагы социалдык ажырымды азайтып, кийим-кечеге байланыштуу атаандаштыкты жана материалдык абалга жараша басымды алдын алат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектеп окуучуларынын формасы балдарга ыңгайсыз экенин бир нече жолу айтып, аны жөнөкөйлөтүү демилгесин көтөргөн. (BTo)

Дагы караңыз

Былтыр ишкерлерди текшерген 247 кызмат адамы жоопко тартылдыИзраил Газага гумжардам ташып бараткан кемелерди кармадыТашиев Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен айыпталууда Трамп менен Путин Украина жана Иран маселелерин талкуулаштыБУУ: Жаңжал курчугандан бери Иранда кеминде 21 киши дарга асылды Камчыбек Ташиев кайрылуу таратып, өзүнө кылмыш иши козголгонун ырастады"Проект": Кыргызстандагы А7 компаниясынын артында Абрамович турушу ыктымал