Орусиянын Перм аймагында "Транснефть" мунай ишканасына караштуу станция тарапта 30-апрелге караган түнү жарылуу болгонун жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып орусиялык жана украиналык Телеграм каналдар жазып жатышат.
Алардын белгилешинче, ишкана 29-апрелде украин дрондорунун чабуулуна кабылган, соккулар 30-апрелдин түнүндө да кайталанган болушу ыктымал.
Социалдык түйүндөрдө жарыяланып жаткан сүрөт жана видеолордон "Перм" өндүрүш-диспетчердик станциясынын аймагын түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.
Орусиялык Shot Телеграм каналы Пермде бир нече жарылуу угулганын жана абадан коргонуу тууралуу эскертүү берилгенин билдирди. Жергиликтүү тургундар шаардын түштүгүндө эки же үч жолу жарылуу угулганын айтышты. Дагы бир орусиялык Mash каналы Пермге Украинанын Куралдуу күчтөрү алыскы аралыкка учуучу дрон менен чабуул койгонун жазды. Украинанын мониторинг каналдары да ушундай эле маалыматты жарыялап, жарылуулардын жана өрттүн сүрөттөрүн, видеолорун чыгарып жатышат.
Перм крайында аэропортто учактардын конуусуна жана учуусуна убактылуу чектөө киргизилди.
Украинанын Коопсуздук кызматы 29-апрелдин түнүндө Пермдеги ишканага сокку урганын ырастаган жана мунай сактоочу цистерналар өрттөнүп кеткенин билдирген.
Перм өндүрүш-диспетчердик станциясынын "Транснефть-Прикамье" компаниясы үчүн борбордук мунай насостук станциясы болуп саналат, ал ар кандай маркадагы мунайды аралаштырып, андан кийин аны Сургут-Полоцк, Холмогор-Клин, Перм-Альметьевск жана Перм-Лукойл-Пермнефтеоргсинтез магистралдык куурлары аркылуу ташыйт. Станциянын аймагында сактоочу цистерна паркы да жайгашкан.
Жакында эле украин күчтөрү Кара деңиздеги Туапсе портундагы орусиялык ири мунай сактоочу жайга бир нече жолу сокку урушкан. Ал жер катуу өрттөнүп, аймакка "мунай жамгыр" жааган, мунай ташуу токтогону маалымдалган.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат. (RK)