Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну Ливандагы согушту кайра баштабай, «так, максаттуу» соккулар менен чектелүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Axios басылмасына курган маегинде билдирди.
«Мен Нетаньяхуга муну так, кылдат жүргүзүшү керектигин айттым. Имараттарды талкалабаш керек. Андай кылууга болбойт. Бул өтө оор жана Израилди жаман көрсөтөт», - деди Трамп 29-апрелде жарыяланган маегинде.
Ал ошондой эле Ливандын жетекчилигин колдой турганын айтып, бул өлкө кыйын кырдаалга карабастан «кайра калыбына келе аларына» ишенерин билдирди.
«Иран Ливанды кыйратты. Ага таянган «Хезболла» Ливанды талкалады. Эгер Иран жок кылынса «Хезболла» да автоматтык түрдө жок болот», - деп кошумчалады Трамп.
«Хезболла» Ливандын түштүгүнүн чоң бөлүгүн көзөмөлдөгөн куралдуу топ жана саясий партия. АКШ аны террордук уюм деп эсептейт, ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын "кара тизмеге" киргизген.
28-февралдан бери Израил негизинен Ливандын түштүгүндө жана борбор калаа Бейрутка жакын аймактарда «Хезболлага» таандык деп эсептелген объектилерди абадан катуу аткылап келет. Ал эми «Хезболла» Израилге ракета жана дрон менен чабуул коюуда.
Апрель айында Ливан жана Израил жетекчилери АКШнын ортомчулугу менен атышууну токтотууну макулдашкан. Бул тууралуу Дональд Трамп жарыялаган. Ошого карабастан кагылышуулар дагы эле уланууда.