Орусиянын Хабаровск аймагындагы аскердик гарнизондо жардыруу болуп, бир адам каза тапты, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу «ВЧК-ОГПУ» жана Khabara Телеграм каналдары жазышты.
Маалыматка караганда, чабуул генерал-майор Азатбек Омурбековду жок кылуу максатында коюлган болушу мүмкүн.
Жардыруу гарнизондогу №55 үйдүн кире беришинде болгон. Бомба тепкичке коюлган. Натыйжада подполковник Кузьменко каза болуп, Омурбеков аман калган. Бирок анын абалы тууралуу маалымат жок.
Khabara жазгандай, жардыруу 28-апрелде эртең менен болгон. Үч-төрт киши жаракат алган.
Расмий бийлик бул окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.
Азатбек Омурбеков 2022-жылы Хабаровск крайында жайгашкан №64 өзүнчө мото аткычтар бригадасын жетектеген. Ал Украинанын Буча шаарындагы кыргынга айыпталып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке каккан.
Бирок Associated Press жана Би-би-си сыяктуу эл аралык медиалар өз иликтөөлөрүндө жарандардын өлүмүнө орус аскерлери тиешеси бардыгын көрсөтүшкөн.
Украинанын прокуратурасы оккупация маалында Бучада 600дөн ашуун карапайым киши өлтүрүлгөнүн, көбү кыйноого кабылганын аныктаган.
2022-жылдын жай айларында ошол эле бригаданын жоокери Даниил Фролкин журналисттерге интервью берип, оккупациядагы Андреевка айылында жаранды өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал ошондой эле Омурбеков жоокерлерди сабап, кемсинткенин жана фронттогу кырдаал тууралуу бурмаланган маалымат бергенин айткан.
Кийин Фролкин «жалган маалымат таратты» деген айып менен 5,5 жылга соттолгон. Аны менен бирге кызмат өтөгөн аскерлер Омурбеков жарандарды, айрыкча уюлдук телефону бар адамдарды атууга буйрук бергенин билдиришкен.
Бучадагы окуялардан кийин ага орус президенти Владимир Путин «Орусиянын Баатыры» наамын ыйгарган.
Омурбековго АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик санкция киргизген.
Омурбеков 1983-жылы Өзбекстандын Каракалпак автоном облусунун башкы каласы Нукус шаарында төрөлгөн.