Трамп Бириккен Араб Эмирлигинин ОПЕКтен чыгуу чечимин колдоду

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ОПЕКтен чыгуу чечимин колдоду.

«Бул эң сонун чечим», - деди ал басма сөз жыйынында. Трамп БАЭнин лидери Мохаммед бин Зайед Аль Нахайянды «абдан акылдуу» деп атап, «балким өз жолу менен кеткиси келип жаткандыр» деген пикирин бөлүштү.

ОПЕК - мунай өндүргөн ири өлкөлөрдүн уюму дүйнөлүк баага таасир этүү үчүн өндүрүш көлөмүн координациялап турат. Трамп БАЭнин бул кадамын «бензиндин баасын төмөндөтүүгө жардам бере турган жакшы нерсе» деп баалады.

Бириккен Араб Эмирликтери 28-апрелде 1-майдан тарта ОПЕК жана ОПЕК+тан чыгарын жарыялаган. Бул чечим эксперттер үчүн күтүүсүз болгон жок, анткени өлкөнүн мунай өндүрүү мүмкүнчүлүгү ОПЕК койгон чектөөлөрдөн жогору.

Трамп бул кадам ОПЕК үчүн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин да белгиледи. Чечим жарыялангандан кийин мунай баасы убактылуу төмөндөгөн.

Бирок Иран менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн туюкка кептелиши жана Трамптын Иран портторуна каршы блокадасын улантары тууралуу билдирүүлөрүнөн улам мунай баасы кайрадан кескин көтөрүлдү.

Дагы караңыз

Санарип министрлиги жоюлуп, анын милдети Президенттин иш башкармасына жүктөлдүОрусиялык генерал Азатбек Омурбековду жок кылуу аракети көрүлгөнү маалымдалдыТрамп Нетаньяхуну Ливанда согуш баштабоого чакырды