Орусияда Кыргызстандын үч жараны өрттөн каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Подмосковье аймагында өрттөн каза болгон Кыргызстандын үч жараны тууралуу комментарий берди.

Расмий маалыматка ылайык, өрттөн каза болгондор 20 (Ж.У.М.), 30 (З.У.А.) жана 48 (З.У.А.) жаштагы кыргыз жарандары болгон. Алар Орусияда эмгек миграциясында жүргөн.

Орусиянын Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча башкы тергөө башкармалыгы бул окуяда кылмыштын курамы жок экенин, маркумдар көмүр кычкыл газына ууланып каза болгонун билдирген. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Кокусунан өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгондордун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөк көрсөтүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Иш учурунда дарыгерлерди сабагандарга жазаны күчөтүү сунушталдыТрамп Бириккен Араб Эмирлигинин ОПЕКтен чыгуу чечимин колдоду Санарип министрлиги жоюлуп, анын милдети Президенттин иш башкармасына жүктөлдүОрусиялык генерал Азатбек Омурбековду жок кылуу аракети көрүлгөнү маалымдалдыТрамп Нетаньяхуну Ливанда согуш баштабоого чакырдыДрон соккусунан кийин Перм мунай станциясында жарылуу болдуОдессада Орусиянын чабуулунан жабыркагандар саны 20га жетти