Ормуз кризиси: АКШ курчоону күчөтүшү мүмкүн. Мунай кескин кымбаттады

Бейшембиде дүйнөлүк мунай рынокторунда баалар кескин өсүп кетти. Мунун алдында АКШ Иранга каршы деңиз блокадасын кеңейтери тууралуу маалыматтар тараган. Тегеран портторду бөгөттөө, навигацияны чектөө аракеттери эл аралык мыйзамдарга каршы келерин, катуу жооп кайтарарын эскертүүдө.

30-апрелде эртең менен мунайдын Brent маркасынын баасы 7% көтөрүлүп, бир баррели 125 долларга сатылып жатты. Эксперттер мындай кескин кымбаттоо Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдан бери каттала электигин белгилешет.

Кара май менен газдын баасы АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү туңгуюкка такалып, Ормуз кысыгы жабык турган маалда улам көтөрүлүп келатат.

Айрым медиа каражаттары бейшембиде америкалык аскер командачылыгы президент Дональд Трампка Ирандагы жаңжалга байланышкан жаңы планды сунуш кыларын жазышты.

Axios басылмасы Иранга “кубаттуу жана кыска” соккулар урулушу ыктымал деп кабарлады.

" Дагы бир планда Ормуз кысыгын соода кемелери үчүн ачуу максатында анын бир бөлүгүн басып алуу каралып жатат. Бирок анда АКШга жөө аскерлерин киргизүү зарыл болмокчу", - деп кошумчалады басылма.

Эксперттер АКШ менен Израилдин жумаларга созулган авиа чабуулдары, санкциялар менен чектөөлөр Иранга катуу сокку урганын, бирок мунай ташуунун үзгүлтүккө учурашы балким өлкөнү АКШнын талаптарына көнүүгө мажбур кылышы мүмкүн деп боолголошот.

АКШнын блокадасы үч жумадан берип уланууда. Деңиз навигациясына байкоо салган уюмдардын маалыматына караганда, Ислам жумурияты кара майды Азиянын рынокторуна жеткире албай убара болууда. Бул өлкөнүн кампалары толуп калды дегенди билдирет. Демек, мунай өнүдүрүүнү кыскартууга туура келмекчи. Талдоочулардын пикиринде, Вашингтон менен тиреште бул негизги маселени түзөт.

SPI Asset Management компаниясынын башкаруучусу Стивен Иннестин айтымында, мунай көпкө казылбай калса, түбүнө уюп, коюуланып калганда аны алып чыгуу үчүн көбүрөөк аракет талап кылынат.

"Мунай өндүрүшүн калыбына келтирүүгө бир жыл, көп каражат кетиши мүмкүн, атүгүл бул тармакты кризиске батырышы ажеп эмес, - деп кошумчалады адис.

АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралда Иран кысыкты кемелер менен мунай танкерлери үчүн иш жүзүндө жаап салган. Ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин, 17-апрелде ачып, көп өтпөй кайра жапкан. Анын алдында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаганда америкалык аскерлер ирандык портторду бөгөттөгөн.

Кемелердин эки жакка каттоосу жана чийки заттардын анализи менен алектенген Kpler компаниясынын жакында чыгарган докладына караганда, Вашингтон блокада баштаган 13-апрелден бери бир да танкер курчоодон чыга алган эмес.

Дал ушундан улам Ирандын мунай сактоочу жайлары толуп калды.

Кээ бир эксперттер мунйдын бир баррели 120 долларга жетсе да, дүйнөлүк экономика аны көтөрө аларын, бирок Ормуз кысыгы дагы бир нече күн же жума жабык кала берсе, баалар дагы өсүшү ыктымал деп эскертишкен.

29-апрелде Трамп Тегеран өзөктүк программасы боюнча кепке келбесе, деңиз аскерлери Ирандын портторун бөгөттөнү улантышарын билдирди. Анын айтымында, Иран Ормуз кысыгын ачтырууну көздөп, атомдук программасын талкуулоону кийинкиге калтырууну каалайт. Президент ал планды четке какканын айтты.

Ормуз кысыгынын визуализациясы. 22-апрель 2026-жыл

Трамп Ислам жумурияты ядролук куралга ээ болбошу керек деп кайталап келет. Тегеран өзөктүк амбициялары жарандык максаттарды гана көздөгөнүн айтууда.

Америкалык президент Axios басылмасы менен маегинде блокада бомбалоолорго караганда алда канча натыйжалуу ыкма деген ою менен бөлүштү.

Буга чейин Wall Street Journal Трамп өлкөнүн экономикасына кысым кылуу үчүн ирандык портторду бөгөттөөнү кеңейтүү тапшырмасын бергенин жазган.
Шаршембиде Тегеран блокадага катуу жооп кайтарарын эскертти.

Эртеси Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШнын мындай чарасы региондун кызыкчылыктарына каршы келерин, акыр аягында андан майнап чыкпасын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз катчысы окуп берген кайрылуусунда ал "деңиз блокадасын орнотуу жана деңиздеги навигацияны чектөө аракеттери эл аралык мыйзамдарга, аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыгына, глобалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө төп келбесин" белгиледи.

Шаршембиде Пентагондун жогорку өкүлү Кошмо Штаттар Иранга каршы согушка 25 млрд доллар жумшаганын билдирди. Буга чейин урушка кеткен чыгымдар тууралуу ачык маалымат берилген эмес.