Баткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Баткен району. 2-май.

Баткен районунда 2-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, аймактагы бир катар айылдарда кооптуу абал жаралды, жарандар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел суусу айрым үйлөргө жана короо-жайларга кирип, адамдарды коопсуз жайларга эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү.

"Кырдаалга байланыштуу район акими Данир Иманалиев баштаган жетекчилик жана жарандык коргонуунун жооптуу кызматкерлери жеринде ыкчам иш алып барууда. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана куткаруучулар тартылып, абалды көзөмөлгө алуу аракеттери күчөтүлдү. Жаралган кырдаалдын негизинде район аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тиешелүү буйрук чыгарылды", - деп билдирди акимчилик.

Учурда сел жүргөн аймактарда атайын техника ишке тартылып, кесепеттерин жоюу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз улантылууда.

Синоптиктер соңку күндөрү республиканын айрым аймактарында жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертишкен.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам 1-майда Жалал-Абад облусунда Манас шаарында да сел жүргөн. 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда сел суусу каптаган кээ бир жолдор убактылуу жабылган. 29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (JsA)

Дагы караңыз

Окуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилдиАКШдан депортация болгон дагы 26 өзбек жараны мекенине кайтты Польшада тыңчылыкка айыпталган казакстандык дипломат бошотулдуХерсондо кичи автобуска жасалган соккудан эки адам мүрт кетти