Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Польшада тыңчылыкка айыпталган казакстандык дипломат бошотулду

Польшанын премьер-министри Дональд Туск айырбаштоо аркылуу бошотулган журналист Анжей Почобута менен учурашууда. 2026-жылдын 28-апрели.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск айырбаштоо аркылуу бошотулган журналист Анжей Почобута менен учурашууда. 2026-жылдын 28-апрели.

Польша бийлиги тыңчылыкка айыптап, былтыркы жылдын август айынан бери камакта кармап отурган казакстандык дипломатты бошотконун 2-майда "Азаттыктын" казак кызматы Акордонун басма сөз катчысы Айбер Смадияровдун Телеграмга жазганына таянып кабарлады.

Смадияров Польша менен Беларус ортосунда абакта жаткандарды айырбаштоо болгонун, арасында Казакстандын да жараны мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин көмөктөшүүсү менен бошотулганын жазды. Бирок ал казак дипломаты өткөрүлүп берилгенин ачык белгилеген жок.

Сөз, "Азаттык" билдиргендей, Казакстандын Украинадагы элчилигинде атташенин жардамчысы болуп иштеген Ануар Бакибай тууралуу болууда.

Беларустун мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги билдиргендей, ар бир тараптан бештен киши өткөрүлүп берилди жана бул жараян Беларус менен Польшанын атайын кызматтарынын ортосунда жүргүзүлгөн "татаал жана узак сүйлөшүү процессинин кульминациясы" болуп калды.

Ulysmedia басылмасы белгилегендей, айырбашталуучулардын тизмесине кирген казакстандык дипломаттын аты-жөнүн көпкө чейин купуя кармашты.

"Аны алып чыгышканда жүзү жабык болду. Бирок польшалык журналисттер ал адам Польша тыңчылыкка айыптаган Бакибай Ануар Кайратович экенин аныкташты", - деп жазды аталган басылма.

Казакстандык саясат талдоочу Арсен Сарсеков дипломатка тагылган айыптардын баары алынганын кабарлады.

Ануар Бакибай кармалганы 2025-жылы 2-августта белгилүү болгон. Варшава аны "дипломатиялык макамга жамынып алып сыртка чыгышы Польшанын жана анын союздаштарынын коопсуздугуна коркунуч жарата турган маалыматтарды чогултуп жүргөн" деп айыптаган. Ал кайсы өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деп шектелип жатканы ачык айтылган эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG