Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында Европа Биримдиги, АКШ жана Улуу Британиянын санкциялары боюнча бир катар суроолорго жооп берди.
Ал Украинадагы согушта орус же украин тарап колдонгон товарлар Кыргызстан аркылуу өтпөй турганын, бул боюнча кыргыз бийлиги бардык чараларды көргөнүн айтты. Болгон маалыматтар санкция салып жаткан мамлекеттерге берилгени менен алар чектөөлөрдү киргизип жатканын “адилетсиз” деп баалады.
“Өкмөттө жакын арада эле бир нече токтомдорду кабыл алганбыз. Керек болсо конституциялык укукту буза турган ыкманы да кабыл алдык. Санкцияга тиешеси бар же ошого шек саналган субъект аныкталса анын юридикалык каттоосун жокко чыгарабыз. Юридикалык каттоосу жокко чыккандан кийин ал автоматтык түрдө банктардагы каттоосун жоготот, эсеп ачып, ишмердигин жүргүзө албайт. Биз ушундай радикалдуу чечимге барганбыз”, - деди ал.
Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.
Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.
Данияр Амангелдиев “Керемет Банк” санкциялардан чыгып калышы мүмкүн экенин айтты.
Европа Биримдигинин дипломаттары жакында Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.
Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирген.
2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген. (BTo)
Шерине