Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Иран Пакистанга АКШ менен сүйлөшүүнүн жаңы планын сунуштады

Иран. Иллюстрация сүрөт.
Иран. Иллюстрация сүрөт.

Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги билдиргендей, Тегеран Пакистандын ортомчуларына АКШ менен сүйлөшүү боюнча жаңы сунуш берди.

Сунуш 30-апрель күнү кечинде берилгени кабарланууда жана анын мазмуну белгисиз.

The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча, план согуштук аракеттерди токтотууга жана Ормуз кысыгын кайра ачууга багытталган деп болжолдонууда.

Ал эми Ирандын өзөктүк программасы боюнча деталдуу сүйлөшүүлөр кийинки этапка жылдырылат.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи маегинде “согушту токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтык” Тегерандын АКШ менен болгон ар кандай сүйлөшүүлөрүндөгү башкы артыкчылыгы бойдон каларын айтты.

CBS телеканалынын маалыматына караганда, ортомчулар сунушту АКШга берди. Пакистандын дипломаттары жаңы сунуш тынчтык келишимине жетүүгө көмөк болорун билдиришти.

Ак үй жаңы сунуш боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Кийинчерээк, 1-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жаңы сунушуна канааттанбай турганын айтты.

Буга чейин ал эгер Тегеран сүйлөшүүнү кааласа “байланышка чыкса болорун”, бирок адегенде өзөктүк курал жасоо пландарынан баш тартууга тийиш экенин белгилеген. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG