“Өч 2” тасмасын онлайн “Этномедиа” платформасынан көрсөтүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” тасманын продюсери Ренат Русланов билдирди.
Анын айтымында, тасма платформада “21+” деген чек менен көрсөтүлөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Өч 2” көркөм тасмасын өлкө аймагында көрсөтүүгө 13-апрелде тыюу салган.
Чечим Кинематография департаментинин комиссиясы “тасмада зомбулук жана адеп-ахлакка жат көрүнүштөр бар, тарбиялык мааниси жетишсиз” деп тапкандан кийин кабыл алынган.
Эксперттик комиссия тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар арасында терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар деген тыянакка келген.
Буга байланыштуу “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Түлекеев кызматынан бошотулган. Кинотеатрларга эки жумага жакын прокатта турган тасманы көрсөтүүдөн алып салуу милдети коюлган.
Тасманы тарткан топ бул чечимге нааразы болгон. Алар фильмди тартуу үчүн банктан кредит алышканын, 100 миң доллардан ашык чыгымы акталбай калганын айтышкан. Кырдаалга байланыштуу Кыргыз кинопродюсерлеринин ассоциациясы министрликке кат жолдоп, цензурага жол бербөөнү өтүнүшкөн.
“Өч 2” тасмасы драма, триллер жанрында тартылган. Режиссерлору Илгиз Куватбек жана Шамилбек Бекболсун уулу.
Реалдуу окуяга негизделген тасмада баш каармандын карындашын уурдап, кордогон адамдардан өч алганы баяндалат.
Кинематография департаментинин кабарлашынча, өлкөдө жылына 70тей тасма тартылат, быйыл алардын саны жүзгө жетери болжолдонууда. Коммерциялык тасмалар жеке студияларда, ал эми мамлекеттик тасмалар “Кыргызфильм” студиясында тартылат. (ST)
Кинотеатрларда тыюу салынган "Өч 2" тасмасын интернеттен көрсөтүүгө уруксат берилди
Иллюстрация сүрөт.