Энергетика министрлиги “Камбар-Ата 1 ГЭСи” долбоору боюнча Өзбекстандын борбору Ташкентте үч күндүк сүйлөшүү өткөнүн билдирди. 28-30-апрелде долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору талкууланганы маалымдалды.
“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар макулдашуунун долбоорунун бардык беренелерин кеңири талкуулашты. Пикир алмашуу учурунда долбоордун макулдашылбаган жоболору конструктивдүү түрдө иштелип чыкты. Андан ары өз ара урматтоо жана алгылыктуу чечимдерди табууга умтулуу принциптерине негизделген ар кандай ыкмалар сунушталды. Ошондой эле кийинки сүйлөшүүлөр үчүн маселелер белгиленди”, - деп жазылган маалыматта.
Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да байкоочу катары катышкан. Тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорунун жоболору боюнча ишти улантууга даяр экенин белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы 31-марттан 2-апрелге чейин Бишкекте өткөн.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.
ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө 1880 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.
Шерине