Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Путин Кыргыз-орус славян университетинин жаңы кампусун куруу келишимине кол койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-апрель, 2026-жыл. Москва
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-апрель, 2026-жыл. Москва

Орусиянын президенти Владимир Путин Борис Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин жаңы кампусун куруу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, орус тарап кампусту курууну жана материалдык-техникалык жактан жабдуу милдетин алат.

Университеттин жаңы кампусун куруу боюнча макулдашууга Владмир Путиндин 2023-жылы Бишкекке сапары учурунда жетишилген.

Кыргызстан Байтиктен 30 гектар жер бөлүп берип, инфратүзүмүнө байланыштуу маселелерди чечип бериши керек.

Апрель айында “Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин кампусу боюнча келишимди ратификациялоо” мыйзам долбоору Орусиянын Мамлекеттик думасында каралып жатканда айрым орус депутаттары буга каршы болуп, Кыргызстанда орус тилине каршы иштер жасалып жатканын айтып чыгышкан.

Кыргыз-орус славян университети 1993-жылы түзүлгөн. Ага кийин Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин аты берилген. Алгач сапаттуу билим берери айтылып келген окуу жайга байланыштуу соңку жылдарда бир топ жаңжалдар болгон.

2025-жылы отуздай студенти окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышкан. Окуу жайдын жаңы жетекчилиги аларды окууга “мыйзамсыз кирген” деп күнөөлөгөн.

2025-жылы университетинин ректору болуп Сергей Волков шайланган. Ошондой эле бул окуу жайда Камкорчулар кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бекитилгени белгилүү болгон. Анын орун басарлыгына Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков тандалган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG