Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Иранда түрмөдө отурган укук коргоочу Наргиз Мохаммадинин ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Наргис Мохаммади фондунун сайтына анын үй-бүлөсүнүн жана адвокатынын билдирүүсү жарыяланды.
Укук коргоочу жума күнү жүрөк оорусунан улам эки жолу эсин жоготкондон кийин Зенжандагы оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Маалыматка ылайык, бийлик укук коргоочуну Тегерандагы шарты жакшы Парс ооруканасына которуудан баш тарткан. Зенжандагы кардиологдор мурда шаардын ооруканаларында аны дарылоо үчүн зарыл болгон атайын жабдуулар жетишсиз экенин эскертишкени айтылат.
Наргиз Мохаммади быйыл февралда “улуттук коопсуздукка каршы кутум жана жыйындарды уюштурган, пропаганда жүргүзгөн” деп айыпталып жети жарым жылга кесилген. Ал өзү бул дооматтарды четке кагып келет.
Аялдардын укуктары, өлүм жазасын алып салуу үчүн узак жылдардан бери күрөшүп келген 53 жаштагы Наргиз Мохаммади 2023-жылы Нобел тынчтык сыйлыгын алган. (BTo)
Шерине