Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Орусиянын чабуулунан Одессада эки адам набыт болду

Одессага жасалган чабуулдун кесепети.
Одессага жасалган чабуулдун кесепети.

Украинанын Одесса облусунда 3-майга караган түнү Орусиянын чабуулунан эки адам набыт болуп, дагы беш киши жараат алды. Дрондор үч турак жайга тийип, дагы эки имаратка зыян келтирилгенин облустук аскердик администрациянын төрагасы Олег Кипер маалымдады.

Херсон облустук администрациясынын башчысы Александр Прокудин Днепровский районунда орусиялык дрон жарандык автоунаага тийип бир эркек киши мүрт кеткенин, дагы бир нече адам жаракат алганын айтты.

Ал эми Харьков облусундагы Балаклея шаарында Орусиянын чабуулунан үч адам жараат алды.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматында, 3-майдын таңында Орусиянын аба соккусунан болжол менен 40 чакты бала кетип бараткан автобус жабыркап, балдар машинеден качып чыкканга үлгүрүшкөн. Алты киши жаракат алган, арасында 10 жаштагы өспүрүм жана кош бойлуу аял бар.

Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталарга урулуп жатканын билдирип келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG