Москвада көп кабаттуу үйгө дрон тийди

Дрон соккусунан жабыркаган комплекс. Москва. 4-май, 2026-жыл.

Москвада 4-майга караган түнү көп кабаттуу үйлөрдүн бирине дрон менен сокку урулду. Маалыматка караганда, жабыркаган турак жай комплекси Кремлден болжол менен алты чакырым алыстыкта жайгашкан.

Калаа мэри Сергей Собяниндин айтымында, жараат алгандар жок. Ал дагы эки дрон асмандан атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Дрон тийген үй борбордун абройлуу деп саналган Раменки районунда жайгашкан. Бул аймакта Мосфильм киностудиясынан тышкары көптөгөн элчиликтер жана консулдуктар бар.

Орусиянын баш калаасына дрон менен чабуул буга чейин да коюлуп келген. Ал соккулардан кийин Москва «Панцирь» сыяктуу зениттик-ракеталык комплекстер менен абадан коргонуусун күчөткөнү кабарланган.

Коопсуздук чараларынан, ошол эле дрон чабуулдарынан улам быйыл Кызыл аянттагы Жеңиш парады да чектелген форматта өтөт. Тактап айтканда, анда бул жолу аскердик техника көрсөтүлбөйт.

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн ар кайсы аймактарында жана Москва облусунда өткөн түнү жалпысынан 117 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Москва Украинага согуш ачканы Орусиянын ар кайсы аймактары дрон соккуларына көп дуушар боло баштады.

Дагы караңыз

Кинотеатрларда тыюу салынган "Өч 2" тасмасын интернеттен көрсөтүүгө уруксат берилдиТрамп Ормузда калган бейтарап кемелерди "алып чыга баштаарын" айттыБаткендин сел жүргөн айылдарынан 149 адам эвакуация болду