БАЭ Ирандын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын кабарлады

Иллюстрация сүрөт.

Вашингтон менен Тегеран атышууну токтотконун жарыялагандан бери биринчи жолу Иран Бириккен Араб Эмирликтерин (БАЭ)дрон жана ракета менен аткылады. БАЭнин аба соккуларынан коргонуу күчтөрү Ирандан учурулган 19 ракета жана учкучсуз учуучу аппаратты кармашканын өлкөнүн Коргоо министрлиги 4-майда X социалдык медиа платформасындагы баракчасына жазды.

Министрликтин маалыматына караганда, Иран БАЭге карай 12 баллистикалык ракета, үч канаттуу ракета жана төрт дрон учурган. Дрон чабуулунан кийин Фужайра мунай комплексинин жанында өрт чыккан. Чабуулдун кесепетинен үч индиялык жаран жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Мектептер 5-майдан 8-майга чейин онлайн иштемей болду.

Эмираттар бийлиги Ирандын бул соккуларын кескин айыптап, жооп кайтаруу укугу бар экенин эскертти. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги чабуулду "кооптуу эскалация" деп атап, "бул чабуулдарга жооп кайтаруу үчүн толук жана мыйзамдуу укугу бар экенин" билдирди.

Ошол эле учурда Ирандын мамлекеттик телеканалы жогорку даражалуу аскер кызматкерине шилтеме берип, Тегеранда БАЭге чабуул жасоо "планы жок" экенин кабарлады.

Коңшу Оман бийлиги БАЭнин чек арасына жакын жайгашкан Буха шаарына сокку урулганын билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, турак жай имараты жабыркап, эки чет элдик жумушчу жаракат алды.

АКШ президенти Дональд Трамп TruthSocial социалдык медиа платформасына Иран бир нече жолу сокку урганын, анын ичинде Ормуз кысыгындагы түштүк кореялык кемеге чабуул коюлганын жазды. Ак үйдүн маалыматы боюнча, америкалык күчтөр ирандык жети кайыкты жок кылышты.

Бир күн мурун АКШ "Эркиндик долбоору" операциясынын алкагында Ормуз кысыгында калган кемелерди коштоп жүрөрүн жарыялаган. Иран АКШнын кысыктагы кемелердин ишине кийлигишүүсү 8-апрелде күчүнө кирген атышпоо келишимин бузуу деп эсептелерин билдирген.

Дагы караңыз

ЖМК: Путин айланасындагы адамдардан чочулоодоТрамп Ормузда калган бейтарап кемелерди "алып чыга баштаарын" айттыОрмуз кысыгындагы абал курч бойдон экени кабарландыОрусияда чет өлкөлүктөргө мамлекеттик төлөмдөрдү жогорулатуу сунушталды