Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Орусияда чет өлкөлүктөргө мамлекеттик төлөмдөрдү жогорулатуу сунушталды

Москвадагы мигранттар.
Москвадагы мигранттар.

Мамлекеттик Думага өкмөт сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат (ВНЖ) жана жарандык алуу үчүн төлөмдөрдү кескин көбөйтүү каралган.

Бийлик муну Ички иштер министрлигинин чет элдиктерди текшерүүгө жана миграциялык базаларды жүргүзүүгө кеткен чыгымдары көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө.

Долбоор кабыл алынса ВНЖ алуу үчүн төлөм 30 миң рублга чейин өсөт, бул азыркыдан беш эсе кымбат. Ал эми Орусиянын жарандыгы үчүн төлөм дээрлик 12 эсе өсүп, 50 миң рублга жетет.

Мындан тышкары, башка кызматтар да кымбаттайт. Маселен, убактылуу жашоого уруксат 15 миң рубль, өлкөгө чакыруу кагазы 8 миң рубль, студенттик ВНЖ 8 миң рубль, көп жолку кирип-чыгуу визасы 6 миң рублду түзөт.

Ошол эле учурда бийлик айрым категориядагы чет элдиктерди төлөмдөн бошотууну сунуштоодо. Атап айтканда, Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согушка катышууга кеткендер, ошондой эле мурдагы СССРдин жарандары бул төлөмдөрдү төлөбөйт.

Буга чейин Ички иштер министрлиги мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин реестрин түзгөн. Бул тизмеге киргендердин укуктары чектелип, мисалы, никеге турууга, кыймылсыз мүлк сатып алууга же банктан эсеп ачууга тыюу салынат.

Айрым чет элдиктер бул тизмеге негизсиз киргизилип жатканын айтып даттанып келишет. Мындай учурларда алар кармалып, өлкөгө киргизилбей же жумуштан бошотулган окуялар катталган.

Крокус Сити Холлдогу кол салуудан кийин Орусияда миграция саясаты дагы катуулап, текшерүү көбөйгөн. Ошондой эле Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин сыяктуу расмий адамдар мигранттар тууралуу кескин билдирүүлөрдү көбүрөөк жасап келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG