Путин 8–9-майда, Зеленский 6-майдан тартып атышпоо режими кирерин жарыялашты

Владимир Путин, Владимир Зеленский. Коллаж.

Орусиянын Коргоо министрлиги Жеңиш күнү майрамынын урматына 8-9-майда Украина менен атышпоо режими киргизилерин жарыялаганын орусиялык маалымат каражаттары жазды. Басылмалардын жазганына караганда, министрлик Украина дагы ушундай кадамга барарына расмий Москва ишенип жатканын билдирди.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө эгер Украина Орусиядагы Жеңиш майрамын үзгүлтүккө учуратууга аракет жасаса Киевдин борборуна сокку урулары эскертилген.

Украина атышууну токтотуу режимин 6-майга караган түнү баштай турганын президент Владимир Зеленский билдирди. Ал Киев Орусиядагы 9-май майрамынын урматына атышпоо тууралуу Москвадан расмий өтүнүч ала электигин айтты.

«Биз адамдын өмүрү кайсыл бир мааракени «белгилөөдөн» алда канча баалуу деп эсептейбиз. Ошого байланыштуу 6-майга караган түнү, түнкү саат 12:00дөн тартып «жымжырттык режими» деп жарыялайбыз. <...> Биз алардын аракетине жараша кадам таштайбыз. Орусиянын жетекчилери алар баштаган согушту токтотуу үчүн реалдуу кадам жасашына убакыт келди», - деп жазды Зеленский.

Мурдараак Зеленский Ереванда иш сапарда жүргөндө 9-майда Москвада өтүүчү параддын форматынын өзгөрүшүнө комментарий берип, парад учурунда чындап эле украиналык учкучсуз учактар “учушу” мүмкүн экенин айткан.

Жеңиш майрамын майрамдоо учурунда Украина менен атышпоо режимин киргизүү тууралуу 29-апрелде Орусия президенти Владмир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө кеп болгон. Трамп мындай сунушту ал бергенин айткан, ал эми орус тарап бул Путиндун сунушу болгонун кабарлаган.

Зеленский буга жооп кылып, Орусия сунуш кылган “Пасха элдешүүсүндө” болгондой эле бир күндүк эмес, туруктуу тынчтыкты сунуштаган.

Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков 9-майга карата атышпоо орус президентинин чечими экенин белгилеп, ал Киевдин реакциясына муктаж эместигин белгилеген.

Дагы караңыз

ЖМК: Путин айланасындагы адамдардан чочулоодоТрамп Ормузда калган бейтарап кемелерди "алып чыга баштаарын" айттыОрмуз кысыгындагы абал курч бойдон экени кабарландыОрусияда чет өлкөлүктөргө мамлекеттик төлөмдөрдү жогорулатуу сунушталды