Москва менен Санкт-Петербургда 9-майга чейин мобилдик интернет өчүрүлөт

Москвадагы парад, 9-май, 2025-жыл

Beeline уюлдук оператору абоненттерине 5-майдан 9-майга чейин Москвада мобилдик байланыш жана SMS чектөөлөр болору тууралуу билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу “Ведомости”, “Новая газета Европа” жана журналист Ксения Собчак жазды.

Beeline Интернетке туташуу үчүн Wi-Fi, чалуулар үчүн VoLTE функциясын колдонууну сунуштады.

Башка ири операторлор бул маалымат боюнча комментарий беришкен жок. ASTRA ушундай эле билдирүүнү МТСтин абоненттери дагы алганын кабарлады. Санкт-Петербургдун жашоочуларына да мындай билдирүү келгенин “Бумага” жазды.

Чектөөлөр тууралуу буга чейин Би-би-синин орус кызматы өз булактарына таянып жазган, кийин ушундай эле маалыматты “Коммерсант” жарыялады.

Март айында москвалыктар Интернеттеги жана мобилдик байланышта чектөөлөр болуп жатканына арызданып чыгышкан. Апрелде орус президенти Владимир Путин Санкт-Петербургга барганда жашоочулар ушундай эле нааразылыгын билдирген.

Быйыл 9-майда Орусиянын борборундагы Жеңиш парады кыскартылган форматта өтөт. Ага аскер техникасы, курсанттар жана башка аскер кызматкерлери катышпайт. Бийлик муну оперативдүү кырдаалга байланыштырды.

Украиналык учкучсуз учактар дээрлик күн сайын Орусиядагы объектилерге чабуул коюп жатат.

Дагы караңыз

ЖМК: Путин айланасындагы адамдардан чочулоодоТрамп Ормузда калган бейтарап кемелерди "алып чыга баштаарын" айттыОрмуз кысыгындагы абал курч бойдон экени кабарландыОрусияда чет өлкөлүктөргө мамлекеттик төлөмдөрдү жогорулатуу сунушталды