Куткаруучулар жапониялык эки туристти Ала-Арча капчыгайынан алып түштү

"Таажы" (Корона) чокусу. Сүрөт интернеттен алынды.

Куткаруучулар Жапониянын эки жаранын Чүй облусундагы Ала-Арча мамлекеттик паркындагы “Таажы” чокусундагы алачыктан алып түшүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-майда кабарлады.

Маалыматка караганда, туристтердин бирөө өзүн жаман сезип, 112 кызматына кайрылган.

Туристтерди куткарууга 8 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Экинчи адамдын абалы туруктуу деп бааланды. Жыйынтыгында экөө тең шаарга алып келинип, Бишкекте ооруканага жеткирилди.

"Таажы" (Корона) чокусу – Ала-Арча капчыгайындагы Ак-Сай мөңгүсүнүн чокусунда жайгашкан, бийиктиги 4860 метр.

Кыргызстанда соңку жылдары тоо жана спорт туризми - альпинизм жандана баштады. Кыргызстандын бийик тоолору дүйнөдөгү альпинизм менен машыккан спортчуларды кызыктырат. Жыл сайын жүздөгөн альпинисттер өлкөгө келип кетет. Ошол эле маалда кырсыкка кабылгандары да бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Жапаров Кыргызстандын Сейшел аралдары менен алакасын талкууладыКара-Балтада ресторандын дубалы кулап, бир киши каза болдуТрамп Иран Ормуз кысыгында америкалык кемелерди бутага алса аны "жер жүзүнөн жок кыларын" эскерттиЫсык-Көлдө сел кесепети, алдын алуу чаралары талкууланды