Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Кара-Балтада ресторандын дубалы кулап, бир киши каза болду

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы.

Кара-Балта шаарында ресторандын дубалы кулап, 19 жаштагы администратор каза болгонун Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы бүгүн 5-майда кабарлады. Маалыматка караганда, кырсык 4-майда болгон.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, К.Э. 2025-жылдын март айынан тартып ресторанда администратор болуп иштеп жүргөн.

«2026-жылдын 4-май күнү болжол менен саат 12:00 чамасында К.Э. иниси жана кесиптештери менен бирге ресторандын жайкы аянтчасында сүйлөшүп турган учурда күтүүсүздөн батыш тарабында жайгашкан кум-блоктон курулган дубалдын жогорку бөлүгү кулап түшүп, бастырманы басып калган. Натыйжада К.Э. урандылардын алдында калып, каза болгон», - деп айтылды милициянын маалыматында.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, ресторандын имаратына бекитилген жайкы аянтчаны жапкан чатыр жамгыр суусуна толуп, дубалга күч келтирип, анын кулашына себеп болгон.

Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүлүп жатканы кабарланды.

Ресторандын кожоюну жана маркумдун жакындары комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG