Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Орусия Украинанын темир жолуна сокку урду, Полтавада төрт киши каза болду

Орусиянын чабуулуна кабылган Мерефа шаары. 4-май. Харьков облусу.
Орусиянын чабуулуна кабылган Мерефа шаары. 4-май. Харьков облусу.

Орус армиясы 5-майга караган түнү Украинанын үч облусунда темир жол инфратүзүмүнө сокку урду. Бул тууралуу Украинаны калыбына келтирүү боюнча вице-премьер-министр Алексей Кулеба билдирди.

Полтава облусунда тепловозго жакын жерге, жолдор ортосуна сокку урулду. Жарылуунун кесепетинен өрт чыгып, вагон күйдү. Жабыркагандар жок.

Облус жетекчиси Виталий Дьяковнич орус армиясы регионго ракета жана дрон менен чабуул койгонун билдирди. Полтава районунда өндүрүш ишканасы, темир жол инфратүзүмү зыян тартып, 3,5 миңге жакын абонент газсыз калды. Төрт киши каза болуп, 31и ар кандай жараат алды. Алардын арасында өрттү өчүрүү учурунда орусиялык аскер күчтөрүнүн соккусуна кабылган эки куткаруучу бар.

Ошондой эле орус армиясы Днепропетровск облусундагы станцияга сокку урду, электровоз зыян тартты. Жумушчуларга алдын ала эскертилгендиктен жабыркагандар болгон жок.

Харьков облусунда учкучсуз учак темир жол вагонуна сокку урду. «Эң негизгиси адамдар коопсуз жайда. Байкоо салган борбор иштеп, адамдар коопсуз жайга жашынууга үлгүрүшкөн», - деди Кулеба.

Киев облусунун Бровары районундагы калктуу аймак чабуулга кабылды. Эки киши жараат алды. Вышегород районунда бир киши жабыркады.

Чернигов районунда турак жай күйдү, жараат алган эки киши ооруканага жаткырылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Орусия 5-май күнү эртең менен Харьков облусуна чабуул жасап, үч киши жараат алганын облус башчысы Олег Синегубов билдирди.

Орусия соңку чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG