Президент Садыр Жапаров 5-май – Конституция күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктап, Баш мыйзам улуттук идеологиянын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ экени белгиледи.
«Көп этностуу өлкөбүздө Конституция ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел», - деди Жапаров.
Президент «Конституция өлкөнүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калганын» белгиледи.
СССР урагандан кийин эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Бул аралыкта Конституция бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде болгон. Ага шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон. Ошентип Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген. Ага чейин парламенттик-президенттик башкаруу болгон. (КЕ)
Шерине