Вашингтон БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу резолюциясын демилгелеп, Иранды дүйнөлүк соодага коркунуч келтирүүдө деп айыптады. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шейшембиде билдирди. Ал 5-майда журналисттерге комментарий берип жатып, Иран деңизге мина коюу жана бажы төлөмдөрүн киргизүү аракети аркылуу "дүйнөлүк экономиканы барымтада кармоону улантууда" деп билдирди.
Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөр колдогон резолюциянын долбоору Тегерандан “чабуулдарды, мина коюуну жана пошлина алууна токтотууну”, миналардын бар-жоктугун ачыкка чыгарууну жана гуманитардык коридор түзүүнү колдоону талап кылат. Рубио Кошмо Штаттар документке добуш берүү “жакынкы күндөрдө” болот деп күтүп жатканын кошумчалады.
Мамлекеттик катчы АКШ Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүн камсыз кылууну уланта турганын билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон дүйшөмбү күнү эртең менен Ормуз кысыгынан өтө албай калган кемелерди коопсуз алып чыгуу үчүн "Эркиндик долбоору" деп аталган операция башталарын жарыялаган жана аны "гуманитардык ишарат" деп сыпаттаган.
Жооп катары Ирандын аскер башчылары каналдан өтүүгө уруксат берилбеген кемелерге сокку уруларын жана кысыкка жакындаган ар бир чет элдик куралдуу күчтөргө каршы катуу чара көрүлөрүн эскертишкен.
4-майда Трамп Иран Ормуз кысыгын ачууну көздөгөн америкалык кемелерди бутага алса өлкөнү "жер жүзүнөн жок кыларын" айткан.
Маалыматтарга ылайык, Ормуз кысыгынан 800дөн ашык кеме жана 20 миңге жакын экипаж мүчөсү өтө албай калган.
Трамп шейшемби күнү Иранды “ойлонуп аракет кылууга” чакырып, ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишүүгө чакырган. АКШ президенти Ирандын армиясы “толугу менен талкаланганын”, ошол себептүү “ак желекти көтөрүшү керектигин” белгилеген.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи шейшемби күнү АКШнын кемелерди Ормуз кысыгынан өткөрүү операциясынан майнап чыкпайт деп билдирди.
X социалдык тармагына жарыялаган постунда министр: «Пакистандын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен сайын АКШ сазга батырып жаткан карасанатай адамдардан сак болушу керек. Бириккен Араб Эмирликтери да ошондой кылууга тийиш”, - деп эскертти.
Ал Ормуз кысыгындагы окуялар саясий кризисти аскердик жол менен чечүү мүмкүн эместигин көрсөтүп жатканын кошумчалады.