Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Медиа: Тажикстандан ондогон ооган мигранты депортация болушу мүмкүн

Ооган качкындары үчүн курулган башкалкалоочу жайлар. Тажикстан. Иллюстрация.
Ооган качкындары үчүн курулган башкалкалоочу жайлар. Тажикстан. Иллюстрация.

Ооганстандын маалымат каражаттары оогандык ондогон жаран, анын ичинде качкын макамы бар кишилер Тажикстандан депортацияланышы мүмкүн экенин билдиришти. Afghanistan International телеканалы 4-майда видео жарыялап, мигранттарды өлкөдөн чыгаруу учуру тартылганын маалымдады.

Телеканал Ооганстандын 250 жараны Согд облусунун Жаббор-Расул районунан Душанбеге алынып барганын, андан ары депортацияланышы ыктымал экенин кабарлады.

Медианын булагы айтып бергендей, айрым кишилердин колунда БУУнун качкындар боюнча мекемеси берген күбөлүктөрү бар. Бул маалымат жана канча киши депортация коркунучуна туш болгону расмий бышыктала элек.

Маалымат каражатынын видеосунда өздөрүн оогандык мигранттар деп тааныштырган адамдар алардын сим-карталарын алып коюшканын айтышты. Бул сөздөрдү да расмий тарап тастыктай элек.

Тажикстандын бийлиги жана БУУнун өкүлдөрү кырдаалга байланыштуу азырынча комментарий жасаган жок.

Мунун алдында Кожент шаарында адам өлтүрүүгө шектелген оогандык 22 жаштагы жигит кармалганы тууралуу кабар тараган. Качкындарды депортациялоо менен ал кылмыштын байланышы барбы же жокпу, белгисиз.

Тажик бийлиги буга чейин мигранттар көбөйгөнүн айтып жана өлкөдө жүрүү эрежелерин бузуу жүйөсү менен ооган жарандарын чыгарган учурлар болуп келген.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты Душанбени качкын макамын сураган оогандарды күчтөп кетирбөөгө чакырган жана мекенинде алар куугунтукка кабылышы мүмкүн деп эскерткен.

Маалыматтарга караганда, кошуна өлкөдө 9 миңдей ооган бозгуну бар, көбү Вахдат жана Рудаки аймактарында жашайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG