АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда кармалып турган кемелерди коштоп, ал аймактан аман-эсен чыгарып кете турган операция Тегеран менен тынчтык келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн “кыска убакытка” токтотуларын билдирди. Бул тууралуу Би-би-си жазды.
Анын айтымында, дүйшөмбү баштала турган долбоор сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн өтүнүчү менен токтотулат.
Трамп Truth Social соцтармагына “ири аскердик ийгиликтерге” жана Иран менен тынчтык келишимине жетүүдөгү “олуттуу прогресске” байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын жазды.
“Блокада сакталып турганда келишимге кол коюп, аягына чыгаруу мүмкүн экенин тактап билүү үчүн “Эркиндик долбоору” (кемелердин Ормуз кысыгы аркылуу алып өтүү) кыска убакытка токтотулат”, - деди ал.
Трамптын билдирүүсүнөн кийин Азиядагы соодада шаршемби күнү мунайдын баасы бир аз түштү.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары операциянын токтотулушун Трамптын суудагы жолду ачуу боюнча ийгиликсиз аракеттеринен кийин “артка чегинүүсү деп жазышты.
Трамптын билдирүүсү мамлекеттик катчы Марко Рубио журналисттерге комментарий берип, “Эпикалык каардануу” операциясы өз максатына жеткенин, Вашингтон кийинки “Эркиндик" долбооруна өтөрүн жарыялагандан көп өтпөй жазылды.
“Шейшемби күнү кечинде Рубио: "Биз тынчтык жолуна артыкчылык бермекпиз. Президент келишимге артыкчылык бермек", - деп билдирген.