Орусиянын күчтөрү 7-майга караган түнү Украинанын аймагына 102 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү кабарлап, алардын 92си атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, түн ичинде Днепр шаарына урулган соккудан эки киши жараат алды.
Никополь районунда соода жай, көп кабаттуу үйлөр, май куюучу жай, чиркөө жана автоунааларга зыян келтирилди. 60 жаштагы киши жараат алды.
Сумы облусундагы Степановка кыштагында орус күчтөрүнүн дрону жарандык автоунаага тийген. Бул тууралуу облустук аскер администрациясынын жетекчиси Олег Григоров билдирди.
"Айдоочу унаанын ичинде болгон эмес. Ал ошол учурда кофе алганы чыгып кеткен. Бул анын өмүрүн сактап калды. Бирок ал жаракат алды", — деп жазды Григоров.
Ошол эле учурда Латвиянын аймагына эки дрон кирип барганы кабарланды. Алардын бири бош турган мунай сактоочу резервуарга тийген. Ал учкучсуз аппараттар Орусиянын же Украинанын армиясына караштуу экени белгисиз.