Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

ТИМ Литвада каза болгон кыргызстандык жөнүндө маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий маалымат таратып, Литва Республикасынын Шауляй шаарындагы ооруканада каза болгон кыргыз жаранынын жагдайы жөнүндө маалымат берди.

Д.И. аттуу адам республикалык ооруканада 3-май күнү көз жумган. Маалыматта кыргыз жараны ооруканага кырсыктап түшкөнү же өз оорусу менен түшкөнү айтылбайт.

Жаран каза болгону тууралуу маалымат алынгандан кийин Кыргызстандын Беларустагы элчилиги маркумдун жакын туугандары жана оорукана кызматкерлери менен байланыш түзүп, анын сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча зарыл болгон жол жоболорду ыкчам жүргүзүү боюнча иштерин баштаган. Маркумдун сөөгүн Бишкекке кайтарууга Литвада жүргөн кыргызстандыктар да каражат чогултуп, жардам кылышкан.

“Учурда Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы элчилиги Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилиги менен биргеликте маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланышкан маселелерди ылдамдатуу боюнча иштерди улантууда. Ошондой эле ар тараптуу консулдук жардам көрсөтүп, бардык зарыл процедуралардын коштоосун камсыз кылууда жана маркумдун жакындары менен туруктуу түз байланышта болууда”, – деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Литванын өзүндө Кыргызстандын элчилиги же консулдугу жок. Бул өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарын Кыргызстандын Беларустагы элчилиги тейлейт. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG