Тажикстандын Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 23 жаштагы Шахбоз Жонмахмадзоданын сөөгү табылды. Ал он күн мурда Кафирниган дарыясына бой таштаган болчу.
Маркумдун жакындарынын бири 6-майда “Азаттык” радиосунун тажик кызматына анын сөөгү Регар аймагы менен Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун чек арасынан табылганын билдирди.
Маалыматка караганда, Шахбоздун атасы уулунун сөөгү салынган табытты Өзбекстандын аймагы аркылуу Тажикстанга алып келген. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-майда Файзабад районундагы Файзабад кыштагында өткөн.
Шахбоз Жонмахмадзода 27-апрелде дарыяга секиргенден кийин изделип жаткан.
Анын апасы Курбонгүл Ашурова буга чейин “Азаттык” радиосунун тажик кызматына уулу окуя алдында телефон чалып, “эгер кандайдыр бир күнөөсү болсо кечирим сураганын” айтып берген.
Окуянын себептери азырынча расмий жарыялана элек.
Тергөө иштеринен кабардар булак “Азаттыкка” эки негизги версияны каралып жатканын билдирген. Алар аскер бөлүгүндөгү катаал мамиле жана үй-бүлөлүк көйгөйлөр.
Жакындарынын айтымында, Шахбоз Дүйшөмбү шаарына жакын жайгашкан бөлүктө кызмат өтөп жаткан. Ал он күндүк өргүү алып, Файзабад районуна үйүнө келген.
28-апрелде кайра аскер бөлүгүнө кайтып барышы керек болчу. Бирок андан бир күн мурда үйұнөн чач алдырарын айтып, чыгып кеткен. Кийин Вахдат шаарына барып, дарыяга боюн таштаган.
Шахбоз Жонмахмадзода бир жыл мурда үйлөнгөн, артында беш айлык уулу калды.
Тажик армиясында аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу окуялар апрель айында коомчулукта чоң резонанс жаратты. Акыркы бир ай ичинде кеминде үч жоокер каза болгону белгилүү болду.
Мындан соң Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон күч түзүмдөрүн жана армия жетекчилигин тартипке олуттуу көңүл бурууга чакырды.
Президенттин басма сөз кызматы 4-майда билдиргендей, Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында жазгы аскерге чакыруу, куралдуу күчтөрдө жана башка күч түзүмдөрүндө мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти сактоо маселелери талкууланган.