Орусиянын Мамлекеттик думасы айрым мигранттардын туруктуу же убактылуу жашоого уруксат берген документтерин жокко чыгарууну сунуштады.
Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары жазгы сессияда жаңы мыйзам долбоорун кароону пландап жатышат. Анда эмгек мигранттары туруктуу (ВНЖ) же убактылуу жашоого уруксат алгандан кийин бир жыл ичинде 10 айдан аз иштеген болсо, алардын документтерин жокко чыгаруу каралган.
Бул тууралуу “Контекст” Telegram каналы Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володинге шилтеме берип жазды.
Демилгеге ылайык, жаңы эрежелер жеке адамдарга иштеген чет элдиктерге да тиешелүү болушу мүмкүн. Алардын ичинде үй кызматтары жана тиричилик тармагында иштегендер да бар.
Володиндин айтымында, акыркы үч ай ичинде Орусияда мигранттарга берилген сегиз миңден ашуун жашап турууга уруксат берген документ жокко чыгарылган. Бул 2025-жылдын башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 90% көп.
Володиндин маалыматына караганда, соңку жылы туруктуу жашаганга уруксат берүү 27,8% , ал эми убактылуу жашоого уруксат берүү 27,5% кыскарган.
Шерине