Бишкекте ысык суу 9-майдан тартып бериле баштайт

Иллюстрациялык сүрөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын маалымдады.

8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат.

Бишкекте Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тартып айдайт. Ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичирайондорго жана системанын башка бөлүктөрүнө акырындык менен жетет.

Баш калаага жылуулук берүү 25-мартта токтотулган. Ысык суу берүү 1-апрелден 10-майга чейинки аралыкта токтотулган. Бул аралыкта жылуулук тармактарын жана ысык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүлдү.

Борбордо тиешелүү тутумду оңдоо үчүн ысык суу жыл сайын жаз-жай айларында өчүрүлүп турат. Мурда 30 күнгө токтотулса, 2024-жылдан бери 40 күнгө өчүрүлүп келе жатат.

Министрлер кабинети 2024-жылы Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы мурдатан эле мэрияга карайт. (ErN)