Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Бишкекте жылуулук берүү токтоду, ысык суу 1-апрелде өчүрүлөт

Иллюстрация сүрөт
Иллюстрация сүрөт

Бишкекте Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) шаарга жылуулук берүү 25-марттан тарта токтотулду.

Мындай чечим 23-март күнү шаар мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун катышуусу менен өткөн атайын штабдын жыйынында кабыл алынды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таратты.

Ага ылайык, штабдын дагы бир чечими менен шаарга ысык суу берүү 1-апрелден 10-майга чейинки аралыкта токтотулат. Бул жылуулук тармактарын, ысык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экени айтылды.

Борбор калаада ысык суу 2024-жылдан бери 40 күнгө өчүрүлүп келе жатат. Ага чейин салттуу түрдө май айынын башында бир айлык мөөнөткө токтотулуучу.

Бишкек шаарына быйылкы сезондогу жылуулук 2025-жылы 3-ноябрда берилген.

Министрлер кабинети 2024-жылы Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG