Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Шайлоо 12-майда биримдиктин кезексиз конгрессинде өтүп, Касымалиев президенттик кызматка жалгыз талапкер болду.
Мындан тышкары Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.
Кыргыз футбол биримдигин президент жетектейт жана аткаруу комитетинде беш вице-президент жана он эки мүчөсү болот. Ералханов мурда биримдиктин вице-президенти болгон.
Акылбек Маматов “Ред Петролеум” мунай компаниясынын жетекчиси, ал быйыл 13-апрелде кармалып, кийин тил кат менен абактан бошотулган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеткенин уюмдун 15-апрелдеги кезектеги конгрессинде билдирген. Уюмду Ташиев 2024-жылдын 19-февралынан бери жетектеди.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМК төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери жемкорлукка айыпталып кармалып, айрымдары жумуштан алынды. Жогорку Кеңештин тогуз депутаты, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшырып, “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы ишке байланыштуу “Коррупция” беренеси менен айып тагылып кармалган.