Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) жана Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратурасы (САП) украин президентинин мурдагы кеңсе башчысы Андрей Ермакка кылмыш ишине шектелип жатканы тууралуу расмий билдирүү берди.
НАБУ "Мидас" деп аталган операциянын алкагында Киевдеги тандамал турак жайдын курулушуна 460 млн гривна легалдаштырган кылмыштуу топ аныкталганын билдирди. Ермак бул топтун мүчөсү болгону айтылууда.
11-майда маалымат каражаттары НАБУ Андрей Ермакка байланыштуу тергөө жүргүзүп жатканын жазышкан. Бул маалыматты "Украинская правда", "Схема" булактары жана депутат Ярослав Железняк бөлүшкөн.
Ермакка тиешелүү жайларда тинтүү жүргүзүлдү. Ермак САПтын прокурору Валентина Гребенюк менен чогуу унаада отурганы тартылган сүрөттөр жарыяланды.
Ермак маалыматты комментарийлеген жок, болгону бир гана батир менен унаасы бар экенин журналисттерге айтты.
Андрей Ермак Украина президентинин кеңсесин 2020-жылдан 2025-жылга чейин башкарган. Аны президент Владимир Зеленскийдин шакирти жана өлкөдөгү эң таасирдүү адам деп атап келишкен. 2025-жылы "Энергоатомдун" айланасындагы коррупциялык жаңжалдын фонунда ал кызматтан кеткен.
Кызматтан кеткенден кийин Ермак фронтко кетиши ыктымалдыгын билдирген. Быйыл мартта ал Улуттук адвокаттар ассоциациясынын алдындагы Украинага каршы куралдуу баскынчылыктан жабыркагандарды коргоо комитетин жетектеп жатканы белгилүү болгон.
НАБУ жана САП маалымдагандай, "Мидас" операциясынын алкагында жогорку деңгээлдеги аткаминерлердин жана аларга жакын ишкерлердин катышы бар кылмыштуу схемалар аныкталган. Схемалардын уюштуруучулары деп президент Зеленскийдин "Квартал 95" долбоорундагы мурдагы өнөктөшү, ишкер Тимур Миндич жана финансист Александр Цукерман шектелүүдө . Бирок НАБУнун маалыматында, схемага башка мамлекеттик кызматкерлер, министр деңгээлиндеги аткаминерлер да аралашкан. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, 2025-жылы Миндич мурдагы энергетика министри Герман Галущенкого (ал кызматтан кеткен) жана мурдагы коргоо министри Рустем Умеровго (жакында суракка алынган) таасир этип турган.
Жакында маалымат каражаттарында алыска атуучу "Фламинго" ракетасын өндүргөн Fire Poin компаниясынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү экени ырасталган кезектеги тыңшоолор жарыяланды. Компаниянын тең жетекчиси Денис Штилерман эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып, тараган аудио анын беделин түшүрүү үчүн монтаждалганын билдирди.
Ермакка коюлган айыптардын чоо-жайы азырынча белгисиз, бирок НАБУнун отчетунда "Мидас" операциясы жөнүндө айтылганынан улам айыптоо Миндичтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени белгиленүүдө.
Шерине