Бишкек шаары боюнча биринчи кварталда 2,5 миңдей мыйзамсыз курулуш бузулду. 2025-жылы буздурулган объектилердин саны 9 миңден ашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 11-майда түз эфирде шаар тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Мунун алдында шаар тургуну Аламүдүн кичи районунун Ауэзов көчөсүндөгү 24 күркөнүн ээлеринин атынан сөз сүйлөп, убадалар аткарылбай жатканын айтты.
"Биздей эле мыйзамсыз турган көптөгөн объектилер бар. Бардыгын текшеребиз, акырында силерге келебиз, силерди талаага таштабайбыз дедиңиз эле. Бирок биз талаада калып калдык. Сиздин айткан убадаларыңыздын 90-95% аткарылбай жатат. Биздей эле жашыл аймакта, ирригацияны басып турган объектилер буздурулбай калып калды. Бир тараптуу каралып калды", - деди ал.
Калаа мэри өз жана ззгө деп бөлүү жок экенин айтып, мыйзамды бузган ар бир жаран жооп берерин айтты.
"Бүгүнкү күндө ар бир жаран, шаар тургундары мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жооп берет. Буга чейин ар кандай тараптарга кайрылуу жасагансыңар, ошондо мыйзамсыз иштерди токтотолу дегенбиз, башка жерлерди сунуштаганбыз. Бирок тилекке каршы контруктивдүү сүйлөшүү болгон жок. Насыя бар дедиңер, текшердик, ал деле жок экен. Карапайым элбиз, үйүбүз жок дедиңер, ар бириңерде бир нече кыймылсыз мүлк бар экен. Бишкек шаары боюнча биринчи кварталда 2,5 миңдей мыйзамсыз курулуштар буздурулду. 2025-жылы 9 миңден ашуун объект демонтаж болду. Биз кайсыл жер мыйзамсыз экени аныкталса ошол жерде иш жүргүзөбүз", - деди Жунушалиев.
Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат. Бул аракет жарандардын ар кандай нааразылыктары менен коштолууда.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Ош облусунда эл менен жолугуп келгенден кийин ар бир облустагы президенттин өкүлдөрүнө жана тиешелүү жетекчилерге эл аралап, көйгөйлөрдү жеринде угуп, чечүүнү тапшырган. Анын алкагында бүгүнтөн баштап облустардагы өкүлдөр, Ош жана Бишкек шаарынын мэрлери жана тиешелүү жетекчилер айыл өкмөттөрдү кыдырып, эл менен жолугушууларды баштады. (КЕ)
Шерине