Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов 1-майда үй камагына чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастап, бөгөт чараны өзгөртүү өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы бергенин тактады.
15-апрелде ушул эле райондук сот Жамалдиновдун бөгөт чарасын карап, 10-июнга чейин камакка алган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" (41-беренесинин 2-бөлүмү) жана "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" (263-берене) беренелеринин негизинде шектелүүдө.
ИИМ Жамалдиновдун кармалышы боюнча маалымат бере элек.
Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 14-апрелде Жамалдиновду, анын орун басары Данияр Жаныкуловду жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевду ээлеген кызматтарынан бошоткон.
Ага чейин Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип алганы тууралуу маалыматтар жана "өкүлдүн үнү" деген телефон сүйлөшүү соцтармактарга тараган.
Көп өтпөй Жамалдиновдун биринчи орун басары Данияр Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алганы жана акча санап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган.
Кийин атайын түзүлгөн комиссия Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузуу фактыларын аныктаганын президенттин басма сөз кызматы билдирген.