Украина: Орусиянын чабуулу, коррупция чыры
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусия менен Украинанын ортосунда үч күндүк "элдешүү" мөөнөтү аяктагандан кийин Киев кайрадан аткыланды. Украин президенти билдиргендей, 12-майга караган түнү орус армиясы 200дөн ашык дрон менен чабуул койду. Өлкөнүн өзүндө коррупцияга байланыштуу чуу уланууда. Президенттин кеңсесинин мурдагы башчысы Андрей Ермак арам акчаны адалдаштырууга шектелүүдө. Ал эми Зеленскийдин экс маалымат катчысы Юлия Мендель аны баңгиликке айыптады.