Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кытайга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн деңгээлинде да, компаниялар менен мекемелердин ортосунда да ондогон келишимдер жана кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлду. Алардын жалпы көлөмү сегиз миллиард доллар деп бааланды.
Эки тарап бири-бирине түбөлүк достук тууралуу убада берип, бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдиришти. Эки өлкөнүн расмий маалымат каражаттары бул сапардын жыйынтыгын эки тараптуу кызматташтыктын жаңы этабынын башталышы деп аташты.
Тажикстан эмнени көздөйт?
«Көбүрөөк инвестицияларды», — дейт «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кытай маселелери боюнча талдоочусу Рид Стэндиш.
Анын айтымында, эгер бул убадалар аткарылса Тажикстан өз максатына жетти деп айтууга болот.
«Азия-Плюс» медиа борборунун экономикалык баяндамачысы Пайрав Чоршанбиевдин айтымында, Кытай менен жаңы келишимдер Тажикстандын энергетика, өнөр жай, санарип долбоорлор, камсыздоо жана логистика, ошондой эле айыл чарба тармактарына көбүрөөк инвестиция тартууга багытталган.
«Бирок алардын пайдасы бул сегиз миллиард доллардын канчасы түз инвестиция, канчасы насыя же грант түрүндө келерине жана канчасы кагаз жүзүндө гана каларынa жараша болот», - дейт Чоршанбиев.
Анын айтымында, кол коюлган документтердин көбү азырынча юридикалык күчкө ээ эмес, көбүнчө ниет тууралуу гана билдирүүлөр. Ошондуктан алардын кайсынысы иш жүзүндө аткарылары азырынча белгисиз.
«Бирок жалпысынан Кытай Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат. Тажикстандын экономикасына инвестиция салуу жагынан Кытай башка донор өлкөлөрдөн кыйла алдыда. Анын инвестицияларынын көлөмү алты миллиард долларга жетет. Анын ичинен 3,5 миллиард доллары түз инвестиция болуп саналат. Азыр Тажикстанда кытайлык капитал катышкан 700 компания иштеп жатат», - дейт экономист Чоршанбиев.
Тажикстандын тышкы карызынын болжол менен үчтөн бири Кытайга туура келет.
2025-жылы Кытай Тажикстанга эң көп гуманитардык жардам көрсөткөн өлкө болгон. Расмий маалыматтарга караганда, гуманитардык жардамдын жалпы көлөмүнүн 35,6% Кытай берген.
Мындан тышкары, Тажикстандын тышкы соодасынын төрттөн бир бөлүгү Кытай менен байланыштуу.
Дагы караңыз
Кырылган балык жана булганган аба: Кытай компаниялары Тажикстанда кантип алтын өндүрөт?Жасалма интеллект жана соода
Рид Стэндиштин пикиринде, Дүйшөмбү экспорт менен импорттун ортосундагы чоң айырманы да азайтууга аракет кылып жатат.
«Импорт менен экспорт маселесинде эки тараптын соода теңсиздиги Кытай менен чоң көлөмдө соода кылган өлкөлөр үчүн кадимки көрүнүш. Кытай товар саткан ири өлкө жана кеңири базарларга муктаж. Тажикстан да мындан тышта эмес, анткени ал Кытайдын көптөгөн товарларын сатып алат. Дүйшөмбү Кытай көбүрөөк тажик товарларын сатып алышын каалайт. Ошондо соодада тең салмактуулук пайда болуп, бул эки тарапка тең пайдалуу болмок» - дейт талдоочу.
Стэндиш Тажикстандын жасалма интеллект тармагында да туруктуу келишимдерге жетишүүгө умтулушу түшүнүктүү экенин айтат. Анын сөзүнө караганда, бул азыр дүйнө жүзүндө байкалган тенденция жана бул багытта Тажикстан Кытайга таянууда.
Дагы караңыз
Борбор Азия+АКШ: Беш өлкө америкалык инвесторду тарта алабы?Бийликке жакын топтордун кызыкчылыгы
Талдоочу Темур Умаровдун айтымында, Бээжинде кол коюлган айрым документтерден бул жолу да бийликке жакын айрым топтордун кызыкчылыгы эске алынганын байкоого болот. Анын пикиринде, буга чейин электр унааларына байланыштуу жагдай буга мисал боло алат.
«Дүйшөмбү мэриясынын саясаты - кытайлык электр унаа өндүрүүчү компанияларга Тажикстандын борборунда эң ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул мүмкүнчүлүк Рустами Эмомали борбордогу бардык таксилер жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн электр унааларына өтүшү керек деген буйрук чыгаргандан кийин пайда болду. Менимче, бул кытайлык компаниялар мамлекеттик жетекчиликтин жардамы менен борбордогу жүргүнчү ташуу рыногунда монополиялык абалга кантип жеткенинин ачык мисалы. Тажикстандын президентинин сапары учурунда кол коюлган документтерди караганда, саясатчылар менен Тажикстандын бизнес элитасынын айрым топторунун кызыкчылыктарынын ортосундагы күчтүү байланыштарды көрүүгө болот», - дейт Берлинден «Азаттыкка» маек курган Умаров.
Ошол эле учурда, Умаров кошумчалагандай, эки өлкөнүн коопсуздук тармагындагы кызматташтыгы жакынкы келечекте кандай өнүгө турганын дагы байкоо керек. Бул багытта көп нерсе Тажикстандын өкмөтү менен парламентинин жаңы чечимдеринен көз каранды болот.
Анын айтымында, эки өлкө тең улуттук коопсуздукка байланышкан көптөгөн сезимтал маселелерди жабык жана ачык эмес форматта жүргүзөт. Бул жагынан алар бири-бирине окшош.