Венгрия бийлиги Закарпатьеге урулган соккудан улам Орусиянын элчисин чакырды

Петер Мадьяр

Венгриянын бийлиги Орусиянын Будапешттеги элчисин чакырып, Батыш Украинадагы венгерлер жашаган аймакка урулган соккуга байланыштуу нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу премьер-министр Петер Мадьяр өкмөттүн алгачкы отурумунда кабарлады.

Буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри Анита Орбан Будапешт Орусиянын Закарпатьеге соккусун чечкиндүү түрдө сынга алганын айткан.

Telex басылмасы Петер Мадьярдын бул мамилеси мурдагы өкмөт башчы Виктор Орбандын өкмөтүнө салыштырганда кескин бурулуш болгонун белгиледи. "Венгриянын мурдагы тышкы иштер министри Петер Сийярто Батыштын элчилерин алардын саясатчыларынын билдирүүлөрү үчүн утур чакырып турчу, бирок Орусиянын элчиси 2022-жылы венгер ТИМинин системасын орусиялык хакерлер бузганда да чакырылган эмес" деп жазды Telex.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Петер Мадьярдын билдирүүсүн "маанилүү" деп атады. "Бул катаал согушту токтотуу үчүн биздин жалпы позициябыз маанилүү. Кайдыгер болбогонуңузга жана күчтүү позицияңызга рахмат!" - деп жазды ал.

Орус аскерлери Закарпатьеге 13-майда чабуул койгон, жергиликтүү бийликтин баамында, бул согуш башталгандан берки эң ири чабуул болду. Абадан эскертүү Ужгород, Мукачево, Свалява жана башка аймактарда жаңырды.

Облустун башчысы Мирослав Билецкий Телеграм каналында 11 дрон менен сокку урулганын, бир катар райондордо инфратүзүм объекттерине тийгенин кабарлады. Жаракат алгандар жок.

13-май күнү украин аскер чалгыны Орусия Украинага каршы жапырт аба чабуулун баштаганын, бул узак убакытка созулушу ыктымалдыгын эскертти. Башкы чалгындоо башкармалыгынын маалыматына караганда, алгачкы чабуулунда Орусия Украинанын абадан коргонуу күчтөрүн алсыратуу үчүн дрондорду колдонот. Андан кийин канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен энергетика объекттерин, аскердик өндүрүш комплекстерин жана бийлик органдарынын имараттарын бутага алат.

Орусия чабуулунун биринчи этабында, украин тарап ырасташынча, дээрлик 90 дрон учурган. Ивано-Франковдо учкучсуз учак көп кабаттуу үйгө тийип, сегиз адам жаракат алган.

Житомир облусунда эки аял ооруканага жеткирилген, Львовдо 10 миңдей түтүн электр жарыгысыз калды.

Дагы караңыз

FT: Орусиянын аскер башчылары Путинди Донбассты күзгө чейин алабыз деп ишендиргенКоммунисттен демократка айлангандар: Эгемендикке 35 жылТрамптын Бээжин сапары: Тайван, Иран жана стратегиялык тирешКыргыз өкмөтү санкциялар боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдөЖогорку Кеңеште 40ка жакын кызматкер иштен кеткени маалым болду