Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Жогорку Кеңеште 40ка жакын кызматкер иштен кеткени маалым болду

"75чилердин каты" деп аталган окуядан кийин Жогорку Кеңеште 40тан ашык кызматкер жумуштан кеткени белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмасбек Абытов 40 жакын кызматкер ар кандай жагдайда жумуштан кеткенин "Азаттыкка" ырастап, бирок буга соңку саясий окуялардын тиешеси жок экенин айтты.

“Төраганын (мурдагы) өзүнүн жардамчылары, кеңешчилерин кошкондо алты-жети киши болуп калат. Ошентип баарын кошкондо отуздан ашык, кыркка жакын адам кетти. Бул кадимки эле көрүнүш. Ал эми "75чилердин каты" боюнча иликтөө иштерин тергөө органдары жүргүзөт. Ким алып келди, кимге келген, кимдин аракети кандай болгон дегендин баары тергөөдө аныкталат. Бизге ал маалыматтарды беришпейт”, - деди Абытов.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден куралган 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Жапаров андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Андан кийин кайрылууга байланыштуу коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков баш болгон беш киши камакка алынган. Парламентте ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган ондон ашык депутат мандатын тапшырган. Алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган Тургунбек уулу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген. 75 кишинин айрымдары кайрылууну окубай эле кол койгонун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Ташиев өзү күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

Айыпталып жаткандардын бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев 13-майда “Азаттыкка” билдиргендей, Ташиевге, Нурланбек Тургунбек уулуна жана мурдагы депутат Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлган.

Дагы беш киши - коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго 337-берене (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып тагылды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ бул кылмыш ишин төрт айга жетип-жетпей тергеп бүтүп, сотко өткөргөнү 12-майда белгилүү болду. Айыпталуучулардын актоочуларынын маалыматына караганда, кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлган, сот отурумдары жабык болот. Иш сотто качан каралары маалым боло элек.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG