Түндүк-түштүк жолу таш көчкүдөн улам убактылуу жабылды

Түндүк-түштүк альтернативдик жолу.

13-майда түндүк-түштүк альтернативдик жолго таш көчкү түшүп, жол жабылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, көчкү унаа жолдун 241,5-чакырымына түшкөн.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков быйыл мартта альтернативдик жол 2028-жылы толук пайдаланууга берилерин билдирген. Ага чейин жолдогу кооптуу тилкелерде иштер жүрөрүн тактаган.

Ал элдин суранычы менен быйыл июнь-ноябрь айларында жол убактылуу ачыларын кошумчалаган.

11-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги альтернативдик жолго үч тейлөө пункту курула баштаганын, бул долбоор жол тейлөө иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөрүн билдирген.

Жолду куруу долбооруна 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.

Дагы караңыз

Венгрия бийлиги Закарпатьеге урулган соккудан улам Орусиянын элчисин чакырдыFT: Орусиянын аскер башчылары Путинди Донбассты күзгө чейин алабыз деп ишендиргенКиев: Орусия критикалык объектилерге абадан сокку урганы атат Жогорку Кеңеште 40ка жакын кызматкер иштен кеткени маалым болду