Таласта төө буурчак, мал ылаңы, жол, суу, жер көйгөйлөрү көтөрүлдү

Эрмат Жумаев, президенттин Таластагы өкүлү. Эл менен жолугушуу. 14-май, 2026-жыл.

Облус, шаар жетекчилеринин жер-жерлерде эл менен жолугушууларында мал ылаңы көбөйүп жатканы тууралуу маселелер дээрлик ар бир облуста көтөрүлүп жатат.

14-майда президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуусунда акыркы убактарда малдын ылаңы күч алганы тууралуу айтылды. Айыл тургундары мамлекеттик ветеринардык дарыгерлер жетишсиздигин белгилешти.

Ага жооп кылган райондук ветеринария адиси бодо малды ылаңдан дарылоо жана анын алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан вакцинация сайылганын, бирок койлордун вакцинасына акча бөлүнбөгөнүн билдирди. Анын маалыматына караганда, учурда райондо катталган бодо малдын жарымына вакцина сайылган.

Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев жамы журтту малын ылаңга каршы вакцинадан текши өткөрүүгө чакырды.

Талас облусунун башчысынын жолугушууларында төө буурчактын баасы түшүп кетип, сатуу кыйынчылыкка туруп жатканы тууралуу да айтылууда. Өкүл Эрмат Жумаев аймакта фасолду кайра иштетүүчү завод куруларын, заводдо фасолдун баасы жалпы базар баасында алынарын билдирди.

Таластык дыйкандар былтыр күзүндө төө буурчактын баасы түшүп кеткенине нааразылыктарын билдиришкен. Өкмөт төө буурчактын баасы боюнча көйгөй бар экенин, ал өсүмдүктү кайра иштетип экспорттоо каралып жатканын тактады.

Таласта төө буурчак 1990-жылдардын ортосунда эгиле баштаган. Андан бери жергиликтүү калктын киреше булагына айланган. Бирок соңку жылдары түшүм азайып, талаа иштерине кеткен чыгымды жаппай жатканы көйгөйгө айландган.(ZKo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш: 40тай кызматкер иштен кетти, айрымдары суракта болдуКайтаруу департаментинин аскерлери күзөт учурунда камера тагына баштады АКШ: Төрт киши өлгөн жол кырсыгына айыпталган кыргыз жаранынын иши сотто карала баштайтБАЭ Нетаньяху согуш маалында өлкөгө келгенин четке какты Орусияда мигранттардын калайман мушташынан 20дай адам жабыркадыАкыйкатчы институтунун ролун жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору даярдалды