Тажикстанда электрондук акча которуулар көзөмөлгө алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда каттоодон өтпөгөн ишкерлерди аныктоо үчүн жеке адамдардын электрондук капчыктары ортосундагы акча которуулар көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы Инновациялар жана санарип технологиялар агенттигинин буйругуна таянып жазды.

Документте бир адамдын электрондук капчыгынан башканыкына акча которуу коммерциялык операция катары таанылышы мүмкүн экени айтылат. Эгер мындай болсо, ал каражаттан салык алынат. Бирок төлөм кайсы эрежелердин негизинде коммерциялык операция деп табылары так көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары, эгер бир күндүн ичинде бир нече адамдан бир жарандын электрондук капчыгына 10дон ашык төлөм түшсө, ал каражаттан да салык алуу сунушталууда.

Акчаны кабыл алган адам тууралуу маалымат салык органдарына жөнөтүлөт. Андан кийин ошол электрондук капчыкка түшкөн бардык каражаттардан салык алынат.

Ошондой эле, эгер бир ай ичинде бир адамдын электрондук капчыгына башка бир нече адамдардан «коммерциялык эмес» деп көрсөтүлгөн 80ден ашык төлөм түшсө, бул тууралуу маалымат да салык органдарына берилет.

Мындай учурда жарандын ишкердик менен алектенип-алектенбегени текшерилет. Эгер маалымат тастыкталса, ал ишкер катары каттоого алынат.

Буйрук мамлекеттик каттоодон өтүп, расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Дагы караңыз

Орусиянын жапырт аба чабуулунан Киевде кеминде беш киши набыт болдуТаласта төө буурчак, мал ылаңы, жол, суу, жер көйгөйлөрү көтөрүлдү Кайтаруу департаментинин аскерлери күзөт учурунда камера тагына баштады