Бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия менен Украинадагы согуштан улам кымбаттап келаткан мунай Иранда согуш башталганы дагы кескин кымбаттап, Кыргызстанга чейин таасир этти.

Бишкек болсо күйүүчү майды мурдатан Орусиядан сатып алат. Соңку жылдары башка жолдорду караштыра баштаганы менен андан жыйынтык чыга элек. Бензин менен дизелдин баасы дагы канча чекке барат? Калк, айдоочулар кантип жатат? Маселени кесиптешим Эрнист Нурматов изилдеп көрдү.